Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Кино жана өспүрүм" аталышындагы иш-чара болуп өттү

Кечээ, 3-апрелде Ош шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Кино жана өспүрүм" аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Тынчтык Досмуратов билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара мектептердеги мугалимдер жана окуучулар тарабынан уюштурулуп, кинематография департаменти тарабынан колдоого алынган.

"Иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда роль жараткан актёрлор окуучуларга залкар жазуучу тууралуу өз билгендерин айтып беришти. Тактап айтканда, "Жамийла" тасмасында Сейиттин образын жараткан Нусрет Дубашев, "Ак кеме" фильминдеги Нургазынын образын жараткан Нургазы Сыдыгалиев жана "Бетме-бетте" Ысмайылдын образын жараткан Бусурман Одуракаев тасмага тартылуудагы кызыктуу жана татаал учурларды, Айтматовдун оюн образ аркылуу жеткирүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу маек куруп беришти", - деди ал.

Ошондой эле иш-чара Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилген "90 жылдыкка 90 иш-чара" долбоорунун алкагында уюштурулганын кошумчалап өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
i1urp
2018-04-04 14:31:44
Эн жакшы колдойбуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан