Чүй облусунун Аламүдүн районунда Бишкек шаарынын тургунунан коркутуп акча талап кылган, мурда соттолгон 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
"Белгисиз 2 адам Бишкек шаарынын тургунунан коркутуу жолу менен акча талап кылган. Жабырлануучу бул тууралуу милицияга кабарлап, ал адамдар 20 миң алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Кийин белгилүү болгондой кармалгандардын бири И.Т. аттуу адам 34 жаштагы Токтогул районунун тургуну болгон. Экинчиси 40 жаштагы К.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болгон. Экөө тең мурда соттолгон экен", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Андан сырткары, учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын да кошумчалашты.