Кечээ, 3-апрелде Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбокс боюнча Өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын кикбокс федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 2-3-апрель аралыгында өтүп, спортчулар кикбокстун лоу-кик бөлүгүндө күч сынашты. Жалпы эсепте аталган мелдеш өлкө аймагынан келген 135 спортчунун катышуусунда өттү.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
51 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Ахрор Розбаев (Өзгөн);
2-орун: Данияр Жолдошев (Токмок).
54 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Уланбек Касымбеков (Бишкек);
2-орун: Муса Паншаров (Токмок).
57 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Авазбек Аманбеков (Бишкек);
2-орун: Амантур Сламбек уулу (Бишкек).
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Чыңгыз Бегматов (Жалал-Абад);
2-орун: Айдамир Магматов (Бишкек).
63 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Токтосун Исманов (Бишкек);
2-орун: Икбол Фозилжан уулу (Өзгөн).
67 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Аброр Хакимов (Ош);
2-орун: Абдулвохид Нооманов (Бишкек).
71 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Адилет Бекжан уулу (Бишкек);
2-орун: Данияр Карыбеков (Ош).
75 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Келечек Орозбек уулу (Бишкек);
2-орун: Азамат Кудайбердиев (Бишкек).
81 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Сергей Дубов (Токмок);
2-орун: Арлен Асангазиев (Бишкек).
86 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бекназар Кайназар уулу (Ош);
2-орун: Олжобай Кудайберди уулу (Ош).
91 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Чыңгыз Каныбек уулу (Токмок);
2-орун: Нурсултан Керимов (Ош).
91 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун: Куан Абдыраимов (Бишкек);
2-орун: Шермухамад Хакимов (Ош).