Сирияда согушуп келген террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-мартта 1972-жылы туулган З.З. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Кылмышка шектүүнү суракка алган учурда чет элдеги эл аралык террористтик уюмдун лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкандыгы аныкталган.
Аталган иш боюнча 375-берененин 2-бөлүмү (жалданмачылык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө камагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.