Жан сакчы менен байдын кызынын сүйүүсүн чагылдырган "Багаар" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

Жан сакчы менен байдын кызынын сүйүүсүн чагылдырган "Багаар" тасмасы бүгүн, 4-апрелде "Манас" кинотеатрында тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Лирикалык комедия жанрындагы тасманы көрүүгө маданият өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары жана журналисттер катышты.

Тасмада "жаздык" каймана аты менен таанымал Мурат Мамбетов, "Дем" театрынын жетекчиси Назым Мендебаиров, ырчы Чолпон Талипбектин сиңдиси Мадина Талипбекова роль жараткан. Фильм 6 ай аралыгында Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдүн Тоң районунда тартылган. Режиссёру - Нурбек Мусаев.

"Тасма тартуунун алдында атайын актёрлук билими бар адамдарга кастинг жарыялап, жаңы жүздөрдү алып чыктык. Тартуу процессинде ар бир актёрго катуу талаптарды коюп, элестеткен оюмду чагылдырганга аракет кылдым. Ал эми калганын көрүүчүнүн сынына коёбуз", - дейт режиссёр.

Ал эми тасманын сценарийи театр жана кино актёру Самат Баркалбас уулуна таандык. Ал сценарий 8 жыл жазылганын, кээ бир жери чыныгы адамдын жашоосунан алынганын кошумчалады.

"Сценарийдин идеясы атамдын Багаар деген досунан алынган. Ал бизге жашоосундагы окуяларын айтып берип күлдүрө берчү. Студент кезде эле тасма тартуу оюма келип, сценарийин жазып баштагам. 8 жыл дегеним, мен тынбай отуруп алып жаза берген жокмун. Баары аз-аздан топтолуп, аягында ийгиликтүү сценарий пайда болду. Өзүм актёр болгондуктан башкы ролду ойноону чечип, тартылдым. Бир убакта эки кызматты аткаруу оор экен. Ошентсе да башкы каармандын образын толук жеткире алдым деп ойлойм", - деди ал.

Ошондой эле "Багаар" тасмасынын продюсери Саламат Курманбек уулу фильмдин жалпы бюджети 32 миң долларды түзүп, "Айтыш Фильм" киностудиясы техникалык жактан колдогонун билдирди.

Тасманын кыскача мазмунуна кайрылсак, Багаар аттуу жигит 4 жыл сүйлөшкөн шаардык кызына үйлөнүүнү чечет. Айылдык жигиттин колунда жок экенин көргөн кыздын апасы каршы болот. Ачууланган жигит абройлуу бизнесмендин кызынын унаасын капыстан сүзүп, бир нече жан сакчысын токмоктойт. Баланын тайманбас, эр жүрөктүгүн көргөн бизнесмен аны кызынын жан сакчысы кылып жумушка алат. Мындан ары окуя кандай улана турганын эртең, 5-апрелден тартып борбордогу бардык кинотеатрлардан көрө аласыздар.

Жан сакчы менен байдын кызынын сүйүүсү "Багаар" тасмасында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан