Орусияда дагы бир соода борборунан өрт чыгып, 1 адам каза болуп 6 адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт Москва шаарындагы "Персей для детей" аттуу балдарга керектүү буюмдар сатылган соода борбордон чыккан. Тилсиз жоодон соода борбордун 1 кызматкери каза болуп, алты өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери жаракат алышкан.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, каза болгон адам имараттын ичинде адашып кетип, сыртка чыга албай калып каза болгон.