Чүйдө мектеп-интернаттагы балдардын чет элдик жарандарга мыйзамсыз берилүүсү боюнча кылмыш иши козголду

Чүйдө мектеп-интернаттагы балдардын чет элдик жарандарга мыйзамсыз берилүүсү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январда Чүйдөгү мектеп-интернаттан 9 жана 11 жаштагы 2 бала керектүү документтери жок эле чет элдик жарандарга берилген. Ошондой эле алардын коопсуздугу ойлонулбастан, чет элдик жарандар менен бирге мейманканалардын биринде 3 күн түнөшкөн. Ошол эле учурда ал балдарды багып алабыз деген Кыргыз жарандары да болгон.

Кийин ошол балдарды багып алабыз деген Кыргыз жарандары бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин депутатына кайрылышкан. Депутат бул маселени көтөрүп чыгып, бул маселе коомдук талкууга түшкөн.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан иликтөө иштери жүрүп, 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши ачылып, иликтөө үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Айта кетсек, буга чейин аталган маселени Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина көтөргөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-04-04 19:14:03
Бул интернат башчыларынын бизнеси да,кыргыздарга бербей чет элдиктерге долларга сатыш
+1
BekAmir
2018-04-04 23:58:54
Наристелерди органын запчасть кылабы Алла билет?..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан