5-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын алгачкы беттештеринин алкагында "Ливерпуль" менен "Манчестер Сити" футболдук клубдары кез келди.
Ливерпуль шаарындагы "Энфилд" стадионунда орун алган беттеш 3:0 эсебинде Ливерпуль командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. Эсеп саны 12-мүнөттө Мохамед Салахтын голу менен ачылды. Анда Салах Роберто Ферминонун чыгарып берүүсүн ийгиликтүү жыйынтыктап эсепти 1:0 кылды. 21-мүнөттө Алекс Окслейд-Чемберлен 20 метр аралыктан таамай сокку менен эсепти 2:0 кылып, "Ситинин" дарбазачысы Эдерсонго тосуп алууга мүмкүнчүлүк калтырган жок. 31-мүнөттө "Ливерпуль" эсепти 3:0 кылганга жетишти. Бул ирет Садио Мане таамай болуп, башы менен сокку узатып, гол киргизди.
Муну менен "Манчестер Сити" коноктогу беттеште жеңилүү ызасын тартты. Эки команданын жооптук беттеши 11-апрелде орун алат.