Ош ШИИБи: "Ош шаарынын тургуну сабалып, оор абалда түнкү клубдун жанынан табылган"

Ош шаарынын тургунунун денесине оор жаракат келтирген деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 21-мартынан 22-мартка караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Ош шаардык ооруканасына 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну оор абалда келип түшкөн. Жабырлануучуну кароо учурунда бир колу сынганы аныкталган. Бул боюнча соттук-медициналык экспертизадан "денесинен оор жаракат алган" деген корутунду чыгарылган.

"Жабырлануучуну Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринин алдында жаткан жеринен жарандар ооруканага жеткиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында алгач шектүү катары Ош шаарынын 1995-жылкы тургуну кармалган. Ал эми кечээ, 4-апрелде Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан дагы бир кылмышка шектүү жаран Жалал-Абад шаарында качып жүргөн жеринен кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан