Орус ырчысы Эдита Пьеха ооруканага жаткырылды

Орусиянын белгилүү актрисасы жана ырчы айымы Эдита Пьеха ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде ырчы айымдын бронхит оорусу күчөп кетип, Санкт-Петербург шаарындагы №2-шаардык ооруканага жаткырылган. Учурда ырчынын абалы туруктуу. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылары айтылган.

Айта кетсек, Эдита Пьеха Советтер Союзунун жана Орусиянын эстрада ырчысы жана актрисасы. Ал 2017-жылдын июль айында 80 жашка толгон. Ырчынын репертуарында 400гө жакын чыгармасы бар. "Президенттин тагдыры" ("Судьба президента"), "Ленинград эстрадасынын чеберлери" ("Мастера ленинградской эстрады") жана башка тасмаларда роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elga
2018-04-05 08:38:15
Кудайым баарыбызгы ушундай кадырлуу карылыкты берсин.оорубайлы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан