Египетте жол кырсыгы катталып, 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Египеттин түштүгүндөгү Сохаг жана Асьют шаарларын бириктирип турган жолдо катталган. Анда жүк ташуучу унаа менен эл ташыган кичи автобус сүзүшкөн. Кагылышуу айдоочулардын көрсөтүлгөн ылдамдыкты сактабаганынан улам келип чыкканы айтылат.
"Египет жолдорунун абалы начарлыгы боюнча белгилүү. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Египетте жыл сайын жол кырсыгынан 12 миңдей адам каза болот", - деп жазышат басылмалар.