Орусиянын Тюмень шаарында 5-апрелге караган түнү оюнчук дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып маалымат беришти.
"Учурда өрттөн өлгөн жана жабыр тарткандар тууралуу так маалымат жок. Балдардын оюнчуктары сатылган дүкөндүн 3 миң чарчы метри күйгөнү болжолдонууда. Өрт кырсыгын өчүрүүгө 63 өрт өчүрүү кызматкери жана 24 атайын техника тартылган", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 25-мартта Орусиянын Кемерево шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыккан. Анда 64 жаран каза болгон. Каза болгондордун көбү жаш балдар экени кабарланган. Учурда аталган кырсык боюнча 3 кылмыш иши менен тергөө иши жүргүзүлүп жатат. Шектүү катары 7 жаран кармалганы маалыматта кошумчаланат. Ошондой эле орун алган кырсыктан улам облустун губернатору Аман Тулеев өз каалоосу менен жумуштан кеткен.
Мындан тышкары өрт кырсыгы Москва шаарындагы "Персей" балдардын соода борборунда катталган. Анын жыйынтыгында соода борбордун 1 кызматкери каза болуп, 4 өрт өчүрүүчү кызматкер ооруканага жаткырылган. Маалыматта өрт соода борбордун эң төмөнкү кабатынан чыкканы кошумчаланат. Аталган кабатта балдардын оюнчуктары сакталып турганы аныкталган.