Мыкты спортчулардын ысымы "Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөр китебине" кирет

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алгачкылардан болуп "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү" спорт түрү жана "Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөр китеби" киргизилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, көчмөндөрдүн улуу күрөшү, көк бөрү жана салттык жаа атуу спорт түрү боюнча жеңген спортчулар "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөр китебине" кирет. Көчмөн оюндарынын тарыхын баяндаган китеп кыргыз жана англис тилдеринде жазылат.

Учурда оюндардын жол жобосу бекитилип, 104 өлкөгө чакыруу жиберилген. Жобого ылайык, спортчулар 37 спорттун түрү менен ат салышып, анын бардык түрүндө мырзалар катышса, 16 түрүндө айымдар күч сынаша алат. Мелдешке ата мекендик жана чет өлкөлүк спортчулардын катышууга укугу бар. Катышуучулардын жаш курагы 18ден өйдө болушу керек. Спорттук делегат 223 кишиден ашпоого тийиш. Ошондой эле 2-сентябрь Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында спорттук делегат бирдей улуттук форма кийип чыгуусу шарт. Уюштуруу комитетинин макулдугу менен катышуучу өлкөлөр өздөрүнүн улуттук спорт түрлөрүн жана элдик оюндарын көрсөтсө болот.

37 спорт түрүнүн тизмеси:

Улуттук оюндар

  1. Ордо (Кыргыз өлкөсү)

Ат чабуу оюндары:

  1. Ат чабыш
  2. Кунан чабыш
  3. Жорго салыш
  4. Бышты жорго
  5. Кыска аралыкка ат чабыш
  6. Алыс аралыкка ат чабыш

Ат менен жарышуу оюндары:

  1. Көк бөрү (Кыргыз өлкөсү)
  2. Эр эңиш (Кыргыз өлкөсү)

Улуттук күрөш түрү :

  1. Алыш (Кыргыз өлкөсү)
  2. Ашыртмалы аба гюреши (Түркия)
  3. Гореш (Түркмөнстан)
  4. Гуштини милли камарбанди (Тажикстан)
  5. Гюлеш (Азербайжан)
  6. Казаx куресы (Казакстан)
  7. Кураш (Өзбекстан)
  8. Кыргыз күрөш (Кыргыз өлкөсү)
  9. Монгол бох (Монголия)
  10. Пахлавани (Иран)
  11. Самбо (Орусия)
  12. Ссирым (Түштүк Корея)
  13. Сумо (Япония)
  14. Көчмөндөрдүн улуу күрөшү

Жекеме-жеке мелдеш түрү:

  1. Аркан тартыш
  2. Мас-рестлинг (Орусия)
  3. Армрестлинг

Салттуу интеллектуалдык оюндар:

27. Тогуз коргоол (Кыргыз өлкөсү)

28. Мангала (Түркия)

29. Овари (Батыш Африка)

Салттык жаа атуу боюнча мелдештер:

30. Салттуу жаа атуу (Кыргыз өлкөсү)

  1. Салттуу жаа атуу (Түркия)
  2. Салттуу жаа атуу (Түштүк Корея)
  3. Атчан жаа атуу (Түркия менен Кыргыз өлкөсү)
  4. Алыска таамай атуу (Венгрия)

Салбуурун боюнча улуттук оюндар түрү:

35.Бүркүт салуу (Кыргыз өлкөсү)

36.Далба (Кыргыз өлкөсү)

37.Тайган жарыш (Кыргыз өлкөсү).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан