Кыргыз-Казак чек арасында жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-апрелде Казак-Кыргыз чек арасындагы "Акжол" көзөмөл-өткөрүү бекетинен жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган адам кармалган. Ал Кыргыз өлкөсүнө таандык паспортту көрсөткөн. Текшерүү учурунда анын паспорту жасалма экени аныкталып, өзү 34 жаштагы Х.М. аттуу Өзбекстандын жараны болуп чыккан.
Ал жасалма документти Оштон алганын, мындай кадамга Орусияда кара тизмеге кирип калганынан улам барганын айткан.