Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалынын алкагында алгачкы беттештер орун алат.
Шаардык муз тебүүчү аянтта өтө турган мелдеште 4 команданын беттеши күтүлүүдө. Анда "Ала-Тоо Дордой" командасы "Кеңеш" менен кез келсе, "Кыргыз Темир жолу" "Чолпон-Ата" командасы менен күч сынашат. Мелдеш саат 21:00дө старт алат.
Эртең, 6-апрелде жарым финалдын жооптук беттештери өтсө, 8-апрелде финал жана 3-орун үчүн беттеш өтмөкчү.
Беттештердин тизмеси:
5-апрель, жарым финал:
21:00 "Ала-Тоо Дордой" - "Кеңеш";
22:30 "Кыргыз Темир жолу" - "Чолпон-Ата".