Ноокат районунда жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркай кыздын жансыз денеси 4-апрель күнү саат 07:30дар чамасында табылган. Аны көчөдөн жергиликтүү тургундар таап алышкан. Учурда баланын денеси экспертизага берилип, энеси изделүүдө.