Оштогу батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-апрелде куткаруучулар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 48 жаштагы К.В.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Кийин милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Бул маалымат боюнча, Ош ШИИБинен аялдын оорудан улам каза болгонун, ага байланыштуу кылмыш иши ачылбаганын кабарлашты.