Таласта мыйзамсыз мергенчилик кылып жүргөн 3 адам кармалды

Талас районунун Каракол айылында мыйзамсыз мергенчилик кылып жүргөн 3 адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө аңчылык кылуу убактысы бүткөнүнө карабастан, мергенчилик кылып жүргөн 3 адам чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган. Аларды текшерген учурда 4 коён, 3 суур жана 1 улар табылган. Ошондой эле тийиштүү документтери жок 4 мылтык 28 огу менен да табылган.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynkatar03
2018-04-05 15:44:30
Ачкачылыктан жээрге эч нерсе жок болсо атсан болот эле.Азыр кудайга шугур эле го эт жегин келсе союш моюш тапсан болот... Конулдун кызыкчылыгы учун ошолорду атканда эмне пайда?(
+1
magira
2018-04-05 18:43:52
Мурда Каракол болчу,азыр Копуробазар айылы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан