Ысык-Көлдө кыздарынын билим алуусуна тоскоол болгон ата-эне камакка алынды

Ысык-Көл облусунда 17 жана 12 жаштагы кыздарынын билим алуусуна тоскоол болгон ата-эне 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 5-апрелде SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

"Ысык-Көл райондук прокуратурасы ата-эне кыздарын жалпы билим алуу укугунан ажыратканын аныктаган. Анын негизинде 161-берене (жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) жана 338-берене (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде райондук сот ата-энени 2 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Кыздардын атасы сот залынан кармалып, абакка киргизилди. Ал эми энесинин 14 жашка чейинки өспүрүмдөрү бар болгондуктан, абакка кармоо убактылуу жылдырылды", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле райондук прокуратура ата-эне кыздарын 5 жыл мектепке барууга тыюу салып жүргөнүн иликтеген. Андан сырткары, көчөгө чыгууга, башка адамдар менен сүйлөшүүгө, диний китептерден башка нерсе окууга, коммуникациялык технологияларды пайдаланууга жана медициналык мекемелерден жардам алууга катуу тыюу салып келгенин аныктаган. Жашы жете элек өспүрүм кыздардын башка балдарга салыштырмалуу психологиялык артта калуусу байкалганы да маалыматта кошумчаланат.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну окуучу кыздарын мектепке жибербегендиги үчүн административдик айыпка жыгылганын Ысык-Көл ОИИБинен билдиришкен.

Ысык-Көлдөн кыздарын мектепке окутпаган ата-эне 2 жылга кесилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
mentol
2018-04-05 18:11:26
Манкурттар
+8
Mirlan27011987
2018-04-05 18:20:32
Мындай ашынган динчилдер түшүнө
ишенип отурушат
+2
yrmat88
2018-04-05 18:53:02
Бейишти укмак бар, кормок жок. Фанатимзге жол жок. Чыныгы ишеним журокто гана болот. Диний ыр жырымдар, ашынган диний идеялар адамдардын сокур болуп калуусуна шарт тузуп жатат. Балдардын келечеги, бугунку алган билидеринен коз каранды. Ар бир ата эне балдарын келечекте билимдуу, эмгекчил коргусу келет. Булар отурушат асманды тиктеп, кудай коруноор бекен дешип, эптеп оздорун алдап убакыт откозушуп.
+4
Brokg89
2018-04-05 18:53:06
динге асылбай оз жашоонорду кыла бергиледа! Беш кол Тен эмес деп койот! Дин жолунда Бир жакшынакай болуп эле жашап журобуз мектеп болобу университет болобу окуп чокуп эле!!!
-4
Mr.Jack
2018-04-05 18:53:52
Мына ашынган динчилдиктин пайдасы. Бул жол менен журуп отурса жакынкы он жылда мал эле болуп калабы дейм,ары айдасы ары,бери айдаса бери басып. Бул туздон туз диний башкармалыктын куноосу. Араптардын жомогун ойдо томон айта берип калапайым элди даабат деп шалбыратып думана кылды. Уйдо отурганын ушинтеп малга айлантып баратат.
+5
aIways-here
2018-04-05 19:01:12
Диний хадис худус окуп угуп эле жүрө берсе аягы ушундай болот.
-3
2018mt
2018-04-05 21:59:48
aIways-here,диний хадис укканда мындай болмок эмес. Эч Бир хадисте окубасын делген эмес. Кайра ар Бир Адам илим алууга тийиш деп айтылат.
+7
aIways-here
2018-04-05 22:04:57
2018mt, Кыздар балдар бир бирине жолобоо керек, аял жалгыз көчөгө чыкбоо керек ж.б толкон токой диний информациялар бар. Мына ошолорду окуп, угуп ушундай жолго барып жатышат. Анан эмне өзүнчө эле окутбай койду беле, диний маалыматтар себеп болдуда
0
2018mt
2018-04-06 21:05:07
aIways-here,аял эркек бири бирине жологондон,кочодо кыздар жалгыз жургондун себебинен кандай жаман иштер болуп жатат коомдо. Алар козунузго корунбой элеби?
-1
beka1207
2018-04-05 22:10:42
2018mt,илим эмес билим алуу керек.
Азыр баары эле диний илимдуу болуп кетишкен
0
2018mt
2018-04-06 21:10:08
beka1207,илимдин турлору барда,илим дегенде эле бир эле дин жактан эмес. Окутпай койгонунун себеби ислам динин,шариятты жакшы тушунбогонундо. Ошон учун ар бир уй булодо динди тушунтуруп ьуура тарбия берсе мындай чала молдолор пайда болмок эмес
-1
Brokg89
2018-04-05 19:06:11
Оз оокатынарды кылгыла дейм динге асылып эч нерсе тапбайсынар и эчнерсеге жетбейсинер!!
+1
Kulatov
2018-04-05 19:37:57
Прездетибиз дават диний көз караштагы адамдарга бир чара колдонсо жакшы болот эле себеби семьясын бакпай даватка чыгып кеткен адамдар болуп кудайым да аракет кылган кылсаң берекет дейт кечке эле дават деп жүрө берсе аларга кудайым каяктан берет.
+2
Kulatov
2018-04-05 19:41:21
Kulatov,даватка чыгып кетип жаткан жаштар көп болуп жатат жазганымды толуктап койдум кээ бир сөздөр жазылбай калган экен эле
-3
suban78
2018-04-05 20:16:47
Kulatov,+ басам деп - басылып кетти
-5
Brokg89
2018-04-05 19:43:36
Ананда харам эмес Арам жакщы эмес жакшы деп туура жаз!!!
0
Brokg89
2018-04-05 19:51:37
Якын инкарга окшогон топтордун жок болушуна Менделе кубанып турам анткени ошондой карангы сабатсыз атайын Исламга каршы иштелип чыккан экстремистик топтордун жок болушу;албетте салттуу Ислам динин тутунуп келгендер учун жакшы жанылык!!!
+2
lenin1870
2018-04-05 19:58:47
Туура кылыптыр камап диндин да чеги менен болотко не деген жапайычылык.булар кайра эле илгерки таш доорго барышат.андан коро балдарын окутуп илимдуу окумуштуу кылсын.Россия европаны карагыла кандай онугуу жолунда.биздин динге аша берилгендер наоборот кетип жатат.
-1
suban78
2018-04-05 20:19:41
Атанын кулагы динчил болгондор. Кыздарынын келечегине балта чаап атышканын тушунушпойбу. Аракет кыосан берем дейт экен го акыры. Бир онору болбосо эртен кыздары эмне тирилик кылат.
-1
Ka2sr1
2018-04-05 22:15:40
suban78,
Туура. Онорун болбосо, билимин болбосо каласын кочодо алкаш болуп же кудайчыл болуп, олор олгучо алла берет экен деп кыбыланы карап тиктеп.
-1
zhaku2017
2018-04-05 20:28:06
Мусулман десе эле жапайы фанат болбой, арабтардын идеясы эмнени айтса, ошонусун кыла бербей, оз акылыбыз менен заманга жараша иш кылалык. Азыр башыбызга кыйын иш тушсо, бизди мусулман экен деп, тажиктер, озбектер пакистандыктар, ирандыктар, арабтар бизге баштарын да оорутушпайт. Кандай кыйынчылык иш тушсо озубуз гана которобуз. Дин эч бир маселебизди асмандан жомок кылып чечип бербейт.
-1
Avtandil.
2018-04-05 21:29:38
Байкасам, копчулук дин тууралуу туура эмес ойдо экен. Урматтуу мекендештер! Дин тууралуу бир аз маалымат алуунарды сунуштайт элем. Мусулманда кемчилдик болушу мумкун, а исламда кемчилдик жок.Чон профессорлор бар мусулмандар арасында.
+8
aIways-here
2018-04-05 22:09:21
Avtandil., Аның. туура дечи. Бирок акыркы кезде Ислам динин такыр башкача, бурмалап, чала молдо дин бузарлар көбөйгөн заман болуп калды. Диний гана илим алып окубай, адам ар тараптуу билим алып, дүйнө таанымын кенейтуу керек. Башка багытта билимиң жок болсо, Ислам динин да тереңдеп түшүнө албайт. Чала молдолордун гана оозун тиктеп, аа ушундай экен деп жетеленме манкурт болот аягы.
+1
nuri1
2018-04-05 22:27:47
aIways-here,
Шарыятты ээрчигендер жетеленме уй болуп калышат. Молдолор кайда десе ошол жака кете беришет. .
-3
aydinnur
2018-04-06 16:38:31
Мен да кошунамды каматайын деп, адамгерчилигим жол бербей жатат..Ал да кыздарын окутпай,чырак жагып, телевизор көргөзбөй үйүндө камап олтурат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан