Болливуддун белгилүү актёру Салман Хан браконьерликке айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актёр мындан 20 жыл мурун, тагыраагы 1998-жылы "Бизди ажыратууга мүмкүн эмес" фильмине тартылып жаткан учурда 2 мүйүздүү антилопаны атып өлтүргөн деп айтыпталган. Мындан улам 2013-жылдан тартып жапайы жаратылышты коргоодогу мыйзам бузуу үчүн соттук териштирүү иштери башталган. Айыпталуучу катары бир гана Хан эмес, анын тасмадагы өнөктөштөрү да суракка алынган. Бирок алардын баары далилдердин жетишсиздигине байланыштуу акталган. Ал эми Салман Хан 5 жылга эркинен ажарытылган.
Белгилей кетсек, Салман Хан "Мен сен үчүн киммин?", "Жай Хо", "Менин сүйүктүүм" жана башка 100гө жакын тасмаларга тартылган.