КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Орус актёру Александр Головин тартылган "Кош келиңиз" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Медербек Жалилов режиссёрлук кылган "Кош келиңиз" тасмасы жүктөлдү. Аталган фильмде орус актёру Александр Головин башкы ролду жараткан.

Тасманын продюсери Бектемир Мамаюсуповдун айтымында, бул анын кино жаатындагы акыркы эмгеги.

"Мен тасма талаасына кокусунан келип калгам. Бул жаатта билимим да, кызыгуум да жок. Андыктан "Кош келиңиз" фильмине продюсерлик кылуу менен бирге аткарган кичинекей ролум бул тармактагы акыркы эмгегим. Мындан ары өзүм кызыккан кесип менен алектенем", - деди ал.

Ошондой эле фильм тууралуу буларга токтолду: "Тасманы Москвадагы Медербек Жалилов деген режиссёр менен бирге тарттык. Баш каармандын ролуна чет элдик жаранды тарталы деп ойлоп жатканбыз. Бирок режиссёр Головин менен жакшы тааныш болгондуктан ага сунуштап көргөн. Жыйынтыгында ал дароо эле тартылууга макулдугун берди. Фильм Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 1 айдын ичинде тартылып бүттү".

Кинокомедияда Нью-Йорктогу ири компаниянын ээси өзүнө жакпаган болочок күйөө баласынан кутулуу үчүн ага туристтик жолдомо алып берип, Кыргыз мамлекетине жөнөтөт. Анын кайра кайтып келбеши үчүн артынан дасыккан киши өлтүргүчтү жиберет. Ошентип Кыргыз жеринин кооздугуна көзү тойбой эс алып жүргөн Александрдын өмүрүнө коркунуч туулат.

"Кош келиңиз" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

"Кош келиңиз" тасмасын 7-апрелде саат 23:55те Кинозалдан көрүңүз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sizge.kat
2018-04-07 17:50:17
Кутуп атам алгачкы болуп коройун деп
0
Tyty1990
2018-04-07 20:11:04
Күндүзү эле жүктөсө болбойбу
0
Zainidin96
2018-04-07 22:27:01
Кыргызчабы бул озу
0
aitbubu1338
2018-04-07 23:58:31
Жуктолгон жок
0
miss2014
2018-04-08 01:02:24
Жуколгон жок админ,карап койгула,элди алдабай.
0
miss2014
2018-04-08 02:09:14
Аууу уктап калдынарбы?
0
Наргиза Талантбекова
2018-04-08 02:14:32
miss2014,шилтеме аркылуу кириниз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан