Футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык беттеши 3 жеңишке чейин уланат

Футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык беттеши 3 жеңишке чейин уланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.

"Учурда финалдык беттешти өткөрүүнүн шарттарын өзгөрттүк. Анда финалга өткөн командалар 3 жеңишке чейин ойношот. Финалдык беттештер 14-15-апрелде жана 21-22-апрелде орун алмакчы. Эгерде 4 беттештин жыйынтыгында командалар тең чыкса, алар 5-беттешти өткөрүшөт. Ал 28-апрелде өтөт", - деп футбол федерациясынан билдирди.

Азыркы тапта командалар жарым финалдык беттештерди өткөрүүдө, анда Бишкектин "Алга" менен "Фарватер" командаларынын жана Ысык-Көлдүн "Мурас" менен Оштун "EREM" командалары кездешүүдө. Алгачкы беттештердин жыйынтыгында "Алга" менен "EREM" командалары атаандаштарын жеңип алган. Командалардын жооптук беттештери 9-апрелде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан