Токмокто кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкеринин элесине арналган самбо боюнча мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 4-апрелде Токмок шаарында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкери Тынчтык Абдрахмановдун элесине арналган самбо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын бөлүмдөрүнөн 11 команда катышкан. Алар 62, 68, 74, 82, 90, 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогору салмак ченинде күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунду Чүй облусунун ИИББинин командасы жеңип алса, 2-орунду Чүй облусунун ички иштер бөлүмүнүн командасы ээлеген. Ал эми 3-орун кайгуул-күзөт кызматынын командасына буюрган.

Эске салсак, Тынчтык Абдрахманов 2015-жылы Токмок шаарындагы Быстроток суусунда белгисиз аялдын агып бара жатканы тууралуу маалымат боюнча каналга "Тез жардам" кызматы менен барган. Аны куткарууга аракет кылган кызматкер сууга секирип түшкөн. Суу шар аккандыктан, жээкке чыга албай экөө тең агып кеткен. Бир аз убакыттан кийин аны менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Быстроток каналынын бүткөн жеринен (Бишкек-Кемин унаа жолунун 59-чакырымынан) табылган. Тынчтык Абдрахманов үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ички иштер органдарында 2013-жылдан бери иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiymjan7
2018-04-06 02:17:50
жаткан жерлери бейиш болсун, Аллахым оз мээримине алсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан