Хоккей боюнча Өлкө чемпиондугу: "Ала-Тоо Дордой" командасы атаандашын 13:1 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин жарым финалдык беттештери орун алды.

Шаардык муз тебүүчү аянтта "Ата-Тоо Дордой" менен "Кеңеш" командалары кез келди. Беттештин жүрүшүндө "Ала-Тоо Дордой" командасы тажрыйбалуу оюн көрсөтүп, атаандашынын дарбазасына 13 гол киргизди. Ал эми "Кеңеш" командасы 1 гол менен гана жооп бере алды. Командалардын жооптук беттеши эртең, 6-апрелде орун алат.

Жарым финал: "Ала-Тоо Дордой" - "Кеңеш" - 13:1.

Бүгүн жарым финалдын алкагында дагы эки команданын беттеши орун алат, анда "Кыргыз темир жолу" менен "Чолпон-Ата" командалары кез келет.

Бишкекте хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалы старт алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан