Дзюдо боюнча "Гран-При Анталия 2018" мелдеши: Кыргыз дзюдочуларынын атаандаштары аныкталды

Түркиянын Анталия шаарында 4-6-апрель аралыгында өтө турган дзюдо боюнча "Гран-При Анталия 2018" аталышындагы мелдеште Кыргыз спортчуларынын атаандаштары аныкталды. Аталган мелдеште машыктыруучулар Абдужалил Юнусов жана Сергей Мистрюков баш болгон 11 Кыргыз спортчу катышууда.

Кыргыз спортчуларынын атаандаштары:

Эркектер арасында:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Отар Бестаев - Амарболд Жагваралдорж (Монголия);

Бекбоо Апышов - Ахмед Сахин Каба (Түркия).

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Артур Тё - Майкл Марселино (Бразилия);

Алмаз Алтынбек уулу - Даниел Каргнин (Бразилия).

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бектур Рысмамбетов - Акил Жакова (Косово);

Ишен Аманов - Лаша Ломидзе (Орусия).

81 килограммга чейинки салмак ченинде:

Владимир Золоев - Давид Варгас (Коста-Рика).

100 килограммга чейинки салмак ченинде:

Фарух Булеркулов - Лаурин Бойлер (Австрия).

100 килограммдан жогору салмак ченинде:

Юрий Краковецкий - Георги Закариадзе (Грузия) менен Роман Бобиков (Орусия) беттешинин жеңүүчүсү;

Бекболот Токтогонов - Эламан Эргалиев (Казакстан).

Кыз-келиндер арасында:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ксения Бельдягина - Диана Жигарос (Орусия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2018-04-06 07:23:38
Ийгилик каалайбыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан