АКШда 3 наристени муунтуп өлтүргөн 60 жаштагы аял кармалды

АКШнын Висконсин штатында 3 ымыркайды муунтуп өлтүргөн 60 жаштагы Нэнси Моронез аттуу бала багуучу кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, сурак учурунда Нэнси Моронез 1980-жылы 2 кылмыш ишин жасаганын айтып берген.

"Кармалган 60 жаштагы кылмышкер буга чейин бала багуучу болуп иштеп жүргөн. Ал 2 айлык кызды жана 6 айлык баланы муунтуп өлтүргөнүн полиция кызматкерлерине билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле кылмышкер 38 жыл бою өз жазасын албай жүргөнүнүн себебин айтып берген.

"Тергөө учурунда наристелер "балдардын күтүүсүз каза болгон синдрому" илдетине чалдыккан деп түшүндүрүп, жазадан куткарылгам. Бирок наристелерди өзүм муунтуп өлтүргөм, анткени көп ыйлаган балдарды карай алчу эмесмин", - деп билдирген ал.

Ал эми полиция кызматкерлерине кылмышкердин кызы арыз менен кайрылган. Ал "апам, инимди таштандынын баштыкчасы менен муунтуп өлтүрүп койду" деп телефон чалган. Анын негизинде 60 жаштагы бала багуучунун 38 жыл мурун жасаган эки кылмыш иши кайрадан козголгон.

Айта кетсек, балдардын күтүүсүздөн каза болуу синдрому - наристелердин дем алуусу күтүүсүздөн токтоп калуу деген илдет. Бул илдет 1 жашка чейинки балдарда кездешет. Баланын денесин иликтөөгө алган учурда да ал дарттын өлүмгө алып барган деген жыйынтык чыгарууга болбойт.

Айрым учурларда бул илдетти "бешик өлүмү" деп да атап коюшат. Анткени эч кандай белгиси жок эле уктап жаткан бала уйку учурунда каза болот.

Мындай илдет менен каза болгон балдар 1980-жылдын экинчи жарымынан тарта каттала башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sagidko88
2018-04-06 11:26:45
туру суук неме го. акмак!
+2
Nevestkaa
2018-04-06 12:54:20
Көзү да бир ырааңы суук экен,балаңы өзүңдөн башка тай эне,чоң энесинен бөлөк эч ким өзүңдөй карабайт да.
+1
bolotbeck1983
2018-04-06 12:58:50
Чистосердечное признание болуптур да акыры. Эми өз жазасын алсын.
0
asdef
2018-04-06 14:59:02
Ужас кинодогоуларга окшош экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан