Арча-Бешикте ур-токмоктон каза болгон келиндин өлүмүнө шектелип аны менен жарандык никеде жашаган адам кармалды

Арча-Бешик конушунда ур-токмоктон каза болгон келиндин өлүмүнө шектелип аны менен чогуу жашаган 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон келиндин 3 кичинекей баласы болгон.

"Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 25 жаштагы М.М. аттуу жаран кармалды. Окуя болгон күнү шектүү досу менен маркумдун үйүнө келип спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан соң маркум келин менен шектүүнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү аны сабап салган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Эске салсак, 5-апрель күнү Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунан 31 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
engel
2018-04-06 13:19:48
Адам олтургон оной эле болуп калды го! Байкуш 3 баланын убалы кимге эми? Ушунун баары арак деген балекеттин кесиринен! Канча адамдын жанын алып, канча адамдын тагдырын талкалады....
+8
Talaschanka
2018-04-06 13:43:05
Мына гражданский брактын пайдасы!
+6
taalay25
2018-04-06 13:48:24
Talaschanka, бул жарандык нике эмес жөн эле мындайча айтканда любовниги же ойношу орой айтканда. Жарандык нике деген молдого нике кыйдырып ЗАГСтан өтбөгөндөрдү айтат
+5
Dalil
2018-04-06 15:16:21
taalay25, молдого нике кыйдырса бирге жашайт эле да. Маркумдун үйүнө досу экөө келип деп жатпайбы. Жарандык нике бул ойноштук орой айтканда. Батышты туураган зынаа иш. Бул зынаа менен арактын кесепети.
+2
nargiz94
2018-04-06 13:58:11
Арам нерселердин кесепети. Озунон 6 жаш улуу келин мн не максатта жашамак эле, кунумдук конул ачуу да. 3 баласына жакшынакай тарбия берип, соо эле журо бербейт беле. Балдар жетим калды ортодо.
+4
aksy94
2018-04-07 15:27:43
Тушунуктуу жазбайсынарбы супер.кж чогу жашаган деп туруп кайра маркумдун уйуно келген деп коюпсунар
0
miss2014
2018-04-07 17:01:15
Диндин жетишсиздиги,Чубак ажы айтса жаман коросунор,арак ,зынакоорлук ,жакшы жолго алып барбайт эч качан.Ар биринбиздин журогубузго ыйман ,ынсап ,хидаят берсин кудайым.
0
Akylaj85
2018-04-08 04:16:24
Өзүнөн алты жаш кичүү бала экен
0
gulzat91
2018-04-08 15:30:48
бир чети маркум озу куноолуу 3баласы туруп озунон 6жаш кичуу неме м.н журуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан