28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Камрань шаарында "Miss Universe Beauty" эл аралык сулуулар сынагы болуп өттү. Келиндер арасындагы сынакта дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн барган сулуулар ат салышып, баш байгеге орусиялык Наталья Аржакова татыса, Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан 30 жаштагы Сания Мамбеталиева "Аалам сулуусу" наамын жеңип алган.
Белгилей кетсек, Сания Мамбеталиева 3 баланын энеси. Ал буга чейин Москвада жашап, сулуулук тармагында эмгектенген. 1,5 жыл мурун Бишкекке кайтып келип, өзүнүн сулуулук мектебин ачкан.