"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгына талапкерлердин тизмеси аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, калыстар тобу тасмаларды 12 наам боюнча бөлүп чыгышкан. Ал эми жеңүүчүлөр 27-апрель күнү аныкталат.
"Мыкты фильм"
"Апамды издеп" - режиссёру Руслан Акун;
"Кентавр" - режиссёру Актан Арым Кубат;
"Саякбай" - режиссёру Эрнест Абдыжапаров.
"Мыкты режиссёрлук иш"
"Апамды издеп" - Руслан Акун;
"Кентавр" - Актан Арым Кубат;
"Саякбай" - Эрнест Абдыжапаров.
"Мыкты сценарий"
"Апамды издеп" - Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу;
"Кентавр" - Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров;
"Саякбай" - Эрнест Абдыжапаров.
"Мыкты оператордук иш"
"Апамды издеп" - Жантай Кыдыралиев;
"Кентавр" - Хасан Кыдыралиев;
"Саякбай" - Хасан Кыдыралиев.
"Мыкты сүрөтчү"
"Апамды издеп" - Максат Болотбек;
"Кентавр" - Адис Сейталиев;
"Саякбай" - Төлгөбек Койчуманов.
"Мыкты композитор"
"Апамды издеп" - Эрмек Керимбаев;
"Махабат" - Райхан Бейшеналиев;
"Саякбай" - Муратбек Бегалиев.
"Мыкты үн режиссёр"
"Апамды издеп" - К.Кузнецов, Д.Шаршенов;
"Махабат" - Нуркыз Сагынбекова;
"Саякбай" - Бакыт Ниязалиев.
"Мыкты монтаж"
"Апамды издеп" - Элдияр Мадаким;
"Махабат" - Керим Өмүркожоев;
"Саякбай" - Айзада Өмүралиева.
"Эркектин мыкты ролу"
"Саякбай" - Марат Жанталиев;
"Ата" - Болот Тентимишев;
"Апамды издеп" - Азамат Уланов.
"Аялдын мыкты ролу"
"Кентавр" - Таалайкан Абазова;
"Саякбай" - Тынара Абдразаева;
"Махабат" - Шайыр Касымалиева.
"Мыкты даректүү тасма"
"Ата Бейит" - Алижан Насиров;
"Жашоо керемет" - Азамат Шаршенов;
"Оймок" - Касиет Кубанычбек кызы.
"Мыкты кыска метраждуу тасма"
"Бакыт" - Мээрим Догдурбекова;
"Жол" - Калвира Акчалова;
"Киноман" - Аскар Нуракун уулу.
Белгилей кетсек, "Ак илбирс" сыйлык тапшыруу аземи 2012-жылдан тартып өткөрүлүп, кино жаатындагы мыктыларды аныктап келет.