Таласта жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочу унаанын ичинде кыпчылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 6-апрелде таңкы саат 05:00 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 110-чакырымында (Өтмөк ашуусу) болгон. Анда Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Натыйжада, 27 жаштагы Э.Ж.И аттуу айдоочу унаанын ичинде кыпчылып калган. Кырсыкка кабылган айдоочу куткаруучулар тарабынан чыгарылып, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.