Таласта мыйзамсыз аңчылык кылып кармалган 3 адам 35 миң сом төлөшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөттүн 2017-жылы 18-августта чыккан жаңы токтомуна ылайык, коёнго 5 миң, суурга 3 миң, уларга 6 миң төлөнүшү керек. Мындан улам 4 коёнго 20 миң, 3 суурга 9 миң жана бир уларга 6 миң каралып, жалпы жонунан 35 миң сом чыгым төлөшөт. Мыйзамсыз мергенчилик кылгандардын келтирген чыгымы эсептелип, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Эми алардын ишине укуктук баа берилип, сотко өткөрүлөт", - деп басма сөз кызматынан билдирди.
Эске салсак, буга чейин Талас районунда мыйзамсыз мергенчилик кылып жүргөн 3 адам кармалган, алар документи жок 4 мылтыкты алып жүрүшкөн.