Бүгүн, 6-апрелде Түркиянын Анталия шаарында дзюдо боюнча "Гран-При Анталия 2018" аталышындагы мелдеш старт алды. Анда эркектер 60, 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашса, кыз-келиндер 48, 52, 57 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү.
60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев менен Бекбоо Апышов күрөштү. Отар Бестаев алгачкы беттеште монголиялык Амарболд Жагваралдорждон жеңилип калса, Бекбоо Апышов түркиялык Ахмед Сахин Кабадан жеңилүү ызасын тартты.
66 килограммга чейинки салмак ченинде Артур Тё менен Алмаз Алтынбек уулу катышты. Артур Тё бразилиялык Майкл Марселиного жеңилсе, Алмаз Алтынбек уулу бразилиялык Даниел Каргнинден утулуп калды.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Ксения Бельдягина гана катышкан. Ал 57 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште орусиялык Диана Жигаростун үстүнөн жеңишке жетти. Чейрек финалдын алкагында Бельдягина косоволук Нора Жакова менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында Жакова таза жеңиш менен Кыргыз дзюдочуну жеңип алды. Косоволук дзюдочу финалга аттанганы үчүн Ксения Бельдягина коло медаль үчүн көңүл жубатуучу этапта күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Бельдягина италиялык Анна Регетти менен кез келип, бирок тилекке каршы жеңилип калды.