Жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери Асел Шарбекова Казакстанда өткөн "Гран-При" мелдешинде күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын жаа атуу боюнча федерациясы билдирди.
Казакстандын Шымкент шаарында 30-марттан 5-апрелге чейин өткөн мелдеште жалпы эсепте Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу катышкан. Финалдык баскычта Асел Шарбекова Олимпиада оюндарынын катышуучусу менен кездешкен. Тилекке каршы, Шарбекова жеңилип калып, күмүш медалдын ээси болгон.