Сириядагы террористтик топ тарабынан Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүндө террордук актыларды жасоого жөнөтүлгөн 26 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрелде Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык террористтик уюмдун лагеринде диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп келген Х.М. аттуу адам кармалган. Ал террористтик топ тарабынан Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнө террордук актыларды жасоого жөнөтүлгөн.
Ага карата кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын абагына киргизилген.