Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалынын алкагында жооптук беттештер орун алат.
Шаардык муз тебүүчү аянтта "Ала-Тоо Дордой" командасы "Кеңеш" менен кез келсе, "Кыргыз Темир жолу" "Чолпон-Ата" командасы менен күч сынашат. Мелдеш саат 21:00дө старт алат.
Айта кетсек, кечээ, 5-апрелде жарым финалдын алгачкы беттештери орун алган. Анда "Ала-Тоо Дордой" командасы "Кеңешти" 13:1 эсеби менен жеңсе, "Кыргыз темир жолу" "Чолпон-Ата" командасынын үстүнөн 9:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Мелдештин финалы жана 3-орун үчүн беттеш 8-апрелде орун алат.
Беттештердин тизмеси:
6-апрель, жарым финал:
21:00 "Ала-Тоо Дордой" - "Кеңеш";
22:30 "Кыргыз Темир жолу" - "Чолпон-Ата".