Бишкек шаарында тургундун үйүнөн жалпы баасы 500 миң сомдон ашык турган зер буюмдарды уурдап кеткен деп шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда 3 адам тургундун үйүнө кирип, жалпы баасы 525 миң сом турган зер буюмдарын уурдап кетишкен. Уурулардын аракети видеокөзөмөлгө түшүп калган. Иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада Жалал-Абад облусунун 3 тургуну кармалган.
Ошондой эле маалыматта шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.