Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин жарым финалынын жооптук беттештери орун алды.
Шаардык муз тебүүчү аянтта "Ала-Тоо Дордой" менен "Кеңеш" командалары кез келди.
Беттештин жыйынтыгында "Ала-Тоо Дордой" командасы 8:4 эсебинде жеңишке жетип, финалга аттанды. Жарым финалдын жалпы жыйынтыгында "Ата-Тоо Дордой" командасы 21:5 эсебинде "Кеңеш" командасынын үстүнөн жеңишке жетти.
Эми "Ала-Тоо Дордой" финалда "Кыргыз темир жолу" - "Чолпон-Ата" беттешинин жеңүүчүсү менен беттешет.
Финалдык беттеш 8-апрелде орун алмакчы.