Бишкекте жол тандабастын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп, качып кетти

Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо жолдогу жөө адамдар өткөн белгиден өтүп бара жаткан 12 жаштагы өспүрүмдү унаа сүзүп кетти. Мындай кабарды социалдык тармактын колдонуучусу кечээ, 6-апрелде жазып, сүрөт-видеолору менен бөлүштү.

Анын билдирүүсүнө ылайык, окуя, кечээ саат 18:00дөр чамасында болгон.

"Баланын өзүнүн айтымында, ал мектептен үйүнө кайтып келе жатканда жолдон кара түстөгү жол тандабас сүзүп кеткен. Бирок ал токтогон эмес. Бала нес абалда көпкө чейин эсин жыя албай турду. Анын алдыңкы тиштери сынып кетиптир, оозунун баары канап жатты. 102 менен 103кө чалдык, "Тез жардам" 15 мүнөттөн кийин келип, жардам көрсөттү", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-04-07 11:41:29
табылып жазасына алсын
+1
Mamiev
2018-04-07 12:16:08
7 апрель курман болгондор жаткан жери жайлуу болсун.Баатыр деп ата мекен эл жерин коргогон адамды айтат.7 апрель бийликти басып алуу кун деп эскериш керек.Атамбай Роза Исаковна баш болуп элди алдап чыккан кун. Азыр эл жыргап жатабы.Силер да кыргызсынар го эл учун деген.Бети жок атамбай азыркы бийликтегилер силер учун майрам и баатыр боло берсин
+1
aksy94
2018-04-07 13:33:25
Mamiev,эн туура айтасын азыр бизде кыргыз эл баатыры деген анча деле авторитет болбой калды бомжуда баатыр магазинге уурулук кылып олгонуда баатыр эки созду бириктирип суйлой албаган Мискенбаевида баатыр кыскасы баатыр деген наамды булгашты оз бийлигине каршы чыгып мамлекетин талкалаганда баатыр болсо
-1
Crystal
2018-04-07 12:48:02
Туура айтасың
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан