Бүгүн, 7-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын алгачкы туру старт алат. Анда 4 команданын өз ара беттеши өткөрүлөт.
"Алай" (Ош) - "Илбирс" (Бишкек)
Ош шаарында жергиликтүү "Алай" командасы өз талаасында жаңы түзүлгөн "Илбирс" (Футбол борбору) командасын кабыл алат. Оюн Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, беттешти башкы калыс Дайырбек Абдылдаев тейлемекчи.
"Дордой" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта)
Бишкек шаарында жергиликтүү "Дордой" "Кара-Балта" командасын кабыл алат. Оюн Футбол борборунун стадионунда орун алып, беттешти башкы калыс Рысбек Шекербеков тейлейт.
Ал эми эртең, 8-апрелде дагы 4 команданын беттеши күтүлүүдө. Анда "Нефтчи" (Кочкор-Ата) өз талаасында "Академия" (Ош) командасын кабыл алса, Канттын "Абдыш-Ата" командасы бишкектик "Алганы" кабыл алат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө старт алат.