Бишкекте 11 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен жол тандабас унаасы табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя тууралуу маалымат 6-апрелде кечки саат 18:25те келип түшкөн. Анда 5-кичи райондо жолдун адамдар өтүүчү белгисинен өтүп бараткан 11 жаштагы баланы белгисиз унаа сүзүп кетип, кырсык болгон жерден качып кеткен. Бала шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
"Сүзүп кеткен унаа жол тандабас экени айтылууда. Учурда ал табыла элек, бардык тийиштүү чаралар көрүлүп, издөө иштери уланууда", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, кечээ, 6-апрелде социалдык тармактарда 12 жаштардагы баланы унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Анда баланын маңдайкы тиштери сынып кеткени, сүзгөн унаа токтобой качып кеткени айтылган.