Кыргыз балбандары университеттер аралык спорттук оюндарда жеңишке жетти

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан университеттер аралык спорттук оюндарда Кыргыз студенттери Үзүр Жусупбеков жана Бекжан Токтобаев жеңишке жетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакуда 5-апрелде башталган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу уюмунун алкагындагы алгачкы университеттер аралык спорттук оюндарда Кыргыз юридикалык академиясынын студенти Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси болду. Ал эми эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки салмак ченинде Бекжан Токтобаев коло медаль жеңип алды.

Айта кетсек, аталган спорт оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 27 спортчу, 5 машыктыруучу жана Мамлекеттик агенттиктин 3 өкүлү барган. Оюндар 10-апрелге чейин уланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан