Акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу кытайлык актёр, продюсер Жеки Чан 64 жашка чыкты. Ал 1954-жылы 7-апрелде Кытайдын Гонконгунда туулган.
Маалыматтарга караганда Жеки Чанды апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен төрөгөн. Ошентип 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. Ал төрөлгөндө коюлган аты - Конг Санг Чан, которгондо "гонконгдо төрөлгөн" деген маанини билдирет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришип, кийин өзү да тасма тарта баштаган.
Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган. Ал - боевиктердин атактуу каарманы. 2016-жылдын ноябрь айында кино искусствосуна кошкон салымы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.
2017-жылдын февраль айында Жеки Чан каскадёрлор тобуна 40 жыл болгондугуна байланыштуу Кытайдагы көрсөтүүлөрдүн бирине жаш каскадёрлордун жаңы курамы менен барган. Анда шоунун алып баруучусу Чандын командасындагы улуу муундагы каскадёрлордун видеокайрылуусун көрсөткөн. Алар жашоосундагы жакшы күндөрү үчүн Жеки Чанга ыраазычылык билдирип: "Ал улууну сыйлаган, жумушуна берилген адамдарды ишке алчу. Адамдык сапатың жок болсо, жумуштан кетүүгө туура келчү. Ошондуктан анын командасында жаман адамдар жок", - деп айтышкан.
Экрандан кайрылуу көрсөтүлүп жаткан учурда алар акырын студияга кирип келишип, актёрдун артына байкатпай туруп калышкан.
"Кинематографияга кошкон салымым үчүн "Оскарды" мен алганым менен бул сыйлык баарыбыздыкы. Себеби 40 жылдан ашуун убакыт алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, мени менен чогуу болушту. Колу-бутун сындырып, таңкы 5те ооруканага алып жөнөшчү, бирок бул нерсени эч ким билбейт", - деп Жеки командасындагы каскадёрлорго рахматын айткан. "Баарыбыз картаябыз" деп артында турган жаш жигиттерди караган актёр мурунку кесиптештерин көрүп, алардын күтүүсүз пайда болгону Жеки Чан үчүн сюрприз болуп, көзүнө жаш алган.