Топ-Лига 2018: "Дордой" "Кара-Балтаны" 2:0 эсебинде жеңип алгачкы 3 упайга ээ болду

Бүгүн 7-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 1-турдун алгачкы беттештери орун алды. Бишкек шаарындагы "Дордой" командасы "Кара-Балтаны" кабыл алды.

"Дордой" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 2:0

Футбол борборунун талаасында орун алган "Дордой" - "Кара-Балта" беттеши 2:0 эсебинде аяктады. Эсеп санын 38-мүнөттө "Дордойдун" оюнчусу Амир Гурбани ачты. Ал атаандашынын айып аянтчасында топко ээлик кылып, таамай соккусу менен эсепти 1:0 кылды. 1-таймдын кошумча убактында Амир Гурбани атаандашынын катачылыгынан колдонуп, дарбазачы менен бетме-бет кез келип сол бурчка багытталган сокку менен экинчи голун киргизип, эсепти 2:0го жеткирди. Муну менен "Дордой" Топ-Лигадагы алгачкы 3 упайына ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан