Бүгүн, 7-апрелде Бишкек жана Ош шаарларында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 1-турунун алгачкы беттештери орун алды. Ош шаарындагы "Алай " командасы "Илбирсти" кабыл алды.
"Алай" - "Илбирс" - 3:1
Өлкөнүн азыркы таптагы чемпиону "Алай" командасы өз талаасында "Илбирсти" кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Аталган оюнда өзүнүн 2 голу менен Алиа Силла өзгөчөлөнсө, "Алай" командасынын эсебине дагы бир голду футболчу Максат Алимов алып келди. Ал эми "Илбирстин" оюнчусу Фархат Мусабеков атаандаштарынын дарбазасына 1 гол киргизип эсепти 3:1 кылганга жетишти.
Муну менен "Алай" өзүнүн алгачкы 3 упайына ээ болду.