Мушкер Хабиб Нурмагомедов өзүнүн 26-беттешин утуп жеңил салмак чениндеги UFC`нин чемпиону аталды

Бир канча мүнөттөрдөн соң жеңил салмак чениндеги чемпиондук үчүн орусиялык Хабиб Нурмагомедов жана америкалык мушкер Эл Яквинтанын беттеши башталат.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде орун ала турган "UFC 223" мелдешинин негизги беттеши Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун ортосунда болмок. Анда мушкерлер жеңил салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн беттешмек. Бирок Тони Фергюсондун жаракат алып калганына байланыштуу чемпиондук кур үчүн Хабиб Нурмагомедов менен Макс Холлоуэй беттешмей болгон.

Бирок беттешке аз калганда UFC уюму Макс Холлоуэй беттешке чыкпай тургандыгын билдиришкен. Көп өтпөй Нурмагомедов чемпиондук титул үчүн октагонго Эл Яквинта менен чыга турганы белгилүү болгон.

Яквинта өзүнүн спорттук карьерасында 16 беттеш өткөргөн. Алардын он үчүндө жеңүүчү аталса, үчүндө жеңилүү ызасын тарткан.

10:41 Мушкерлер октагонго келе жатышат. Биринчи болуп америкалык Эл Яквинта октагонго чыкты. Экинчи болуп Бүркүт атка конгон Хабиб Нурмагомедов октагонго чыгууда.

10:50 Мелдеш башталды. Эл Яквинта өзүнүн чабуулдарын баштады. Хабиб Нурмагомедов атаандашын буттан алып тейкдаун абалына өттү.

10:54 Орусиялык Нурмагомедов таамай соккуларын узатып Яквинтага турганга убакыт да, мүмкүнчүлүк да бербей жаткан учуру.

10:55 Биринчи раунд соңуна келди. Хабиб үстөмдүк кылууда.

10:57 Экинчи раунд старт алып, Нурмагомедов кайрадан чабуулга өттү. Атаандашын буттан алып жыгып, өзүнүн соккуларын узатууда.

11:02 Нурмагомедов атаандашын муунтуу ыкмасына алып, бирок аны кайрадан коё берип Яквинтанын башына сокку узатууда. Экинчи раунд соңуна чыкты.

11:07 Яквинта Нурмагомедовдун катар менен узатылган соккуларын тосо алган жок. Соккулардан улам Яквинтанын мурду канап жатат, анын узаткан соккулары өз максатына жетпей калууда. 3-раунд аягына чыкты.

11:12 Нурмагомедов беттеште үстөмдүк кылууну улантууда. Бирок Яквинта бул раундда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп чабуулдарга жооп берүүдө. 4-раунд соңуна чыкты.

11:15 5-акыркы раунд башталды. Акыркы раундда Яквинта чабуулга өтүп, өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда. 4 раундда үстөмдүк кылып жаткан Нурмагомедов бул раундда да өзүнүн атаандашын жерге жыгып алып, артынан соккуларын узатууда. Нурмагомедов Яквинтаны муунтуу ыкмасына алганга аракет кылганы менен, майнап чыккан жок.

11:20 Беттеш соңуна чыкты. Мушкерлер калыстардын чечимин күтүүдө.

11:23 Хабиб Нурмагомедов өзүнүн спорттук карьерасындагы 26-беттешин жеңип, жеңил салмак чениндеги чемпион аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Dembele84
2018-04-08 11:23:32
Хабиб выиграл в пяти раундном бою !
-6
Isco23
2018-04-08 14:30:24
Dembele84,е кыргыз кыргызча жаз. Бан болосун
0
Kanybek121195
2018-04-08 11:27:50
Урааа Хабиб утту куттуктайбыз
-2
aiba-889290
2018-04-08 11:30:23
Эч бир мумкунчулук бербеди.Фергюсон,Макгрегорбу айырмасы жок,жарым саат эс алып алсам урушканы даярмын дедигооооо красссссавчик.
+5
Alinur
2018-04-08 11:34:00
Хабиб азаматсын!
-2
mir777
2018-04-08 11:38:59
Конор Макгрегор чемпиоооон!!!))
-15
al-abu-kinesz
2018-04-08 11:43:08
Буркут курицанын да эль-кукуйдун да энесин таанытат! Азамат Хабиб!
0
Talantchik
2018-04-08 11:53:39
Конор Макгрегор король UFC си !
-12
Janym_ata_enem
2018-04-08 11:55:08
Атамдын жок болуп калганы окунучтуу дейтко эмне атасы отуп кеткенби дуйодон?
-6
al-abu-kinesz
2018-04-08 12:40:11
Janym_ata_enem, Тируу эле. Тренери озунун атасы да. Келе албай калган окшойт
-1
newman
2018-04-08 13:16:36
Janym_ata_enem,
Америкага ага виза берилбей бара албай жүргөнүн укка
-1
Bekzamann
2018-04-08 12:08:53
Молодец! Супер атасына не болгон???
-2
Mr.Jack
2018-04-08 12:23:07
Bekzamann,Эркек болсо Конор менен стойкада мушташып корсун. Уйпалап бутка жабышып эле мушташтын кутун качырып мушташат. Хабибтики мушташ эмес индюк тиштеш деп койсо болот.
-11
Nurkan94
2018-04-08 20:58:18
Mr.Jack, Бутка кируу баарынын эле колунан келе бербейт, жана дагы эрежеге туура келет. Ар кимдин озуно жараша ыкмасы барда...
+1
Baian
2018-04-08 12:38:28
Bekzamann,Атасы тируу апей)
Бара албай калса керекда,Москвада Эле атасы бир жума мурун коргом)
Азамат Хабиб !Озумчо эле ичимен элжиреп суйунуп атам)
+1
Makkambaev97
2018-04-08 12:49:35
Конор чемпион
-6
ALMAAAN
2018-04-08 12:50:46
Татыктуу жеңиш красавчик чемпион уйкудан туруп алып көрдүмго
0
Mina24
2018-04-08 13:02:33
Биринчиден хабиб мусулман биртуугандын женишин неге коро албай атасынар мусулманбызбы хабиб алга
+6
nurik903
2018-04-08 13:21:16
хабиб молодец мусулман бир тууган ушундай жигиттер бизде да коп болсун.
0
Dembele84
2018-04-08 14:11:53
Хабиб ударга иштебесе болбойт,же туруп катуу уралбады,жатканда норма уралбаса.Борьбадан эле кучтуу болбосо,стойкада Конор иттей кылат муну.
0
ilgizk
2018-04-08 15:29:39
Dembele84,коноруң иттей кылса эркекче бойго чыкпайбы,автобуска күчүн чыгпрбай
+3
Refiri87
2018-04-08 17:04:41
Ха ((( Хабиб кучтуу бар жоктон Конор жылдыз оруусу менен орууп калган окшойт
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан