АКШда автобуста ок атышуудан 3 адам каза болду

АКШнын Рокфорд шаарында автобустагы ок атышуудан 3 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, окуя ишемби түнү болгон. Маалыматка ылайык, автобустун ичинен жүргүнчүлөрдүн бири, кылмышка шектүү адам ок чыгарып, андан соң качып кеткен.

Окуя болгон жерге полиция жана "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Ок чыгаруудан автобустун 3 жүргүнчүсү каза болгон.

Учурда кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-04-08 17:19:42
Америкада боло берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан