Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин финалы орун алат.
Анда шаардык муз тебүүчү аянтта "Кыргыз темир жол" менен "Ала-Тоо Дордой" командалары кез келет.
Айта кетсек, финалга аттанган командалар жарым финалдык баскычта атаандаштарын ири эсепте утуп алышкан. "Кыргыз темир жол" командасы 18:1 эсебинде "Чолпон-Ата" командасын утуп алса, "Ала-Тоо Дордой" каршылашы "Кеңеш" командасын жалпы 21:5 эсебинде утуп алган.
Финалдык беттеш бүгүн саат 18:00дө старт алат.