АКШнын Нью-Йорк шаарында президент Дональд Трамптын үйү жана кеңселери орун алган "Trump Tower" имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоонун кесепетинен 67 жаштагы жаран көз жумган. Өрткө байланыштуу "Trump Tower" имаратынын айланасындагы көчөлөр жабылган. Өрттү өчүрүү үчүн 200дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. Алар тез убакыттын ичинде өрттү өчүрүшкөн.
Белгилүү болгондой, өрттү өчүрүп жаткан маалда 4 өрт өчүрүүчү жеңил жаракат алган.
Ал эми өлкө президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына өрт толугу менен өчүрүлгөндүгүн билдирип, өрт өчүрүү кызматына ыраазычылыгын билдирген.
Азыркы тапта өрт эмнеден улам чыккандыгы такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, аталган имараттын чатырында ушул эле жылдын январь айында өрт чыккан.