Орусиялык ырчы Юлия Самойлова "Евровидение-2018" сынагында ырдай турчу чыгармасын жарыялады

Орусиялык ырчы Юлия Самойлова "Евровидение-2018" сынагында ырдай турчу чыгармасын жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Орусиянын атынан "Евровидение-2018" ыр сынагына катыша турчу ырчы Юлия Самойлова өзүнүн "I Won't Break" аттуу чыгармасын коомчулукка тартуулады.

Кунцев шаарында өтүп жаткан Pre-party "Евровидения-2018" концертинде Самойлова көрүүчүлөргө сынактын жарым финалында ырдай турган ырын аткарып берген. Чыгармадан соң көрүүчүлөр ырчыны орус жана англис тилдеринде туулган күнү менен куттукташкан.

"I Won't Break" чыгармасынын үстүндө Леонид Гуткин, Нэтта Нимроди жана Арье Бурштейн иштешкен.

Белгилей кетсек, "Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан ат салыша турган ырчы Юлия Самойлованы Украина өз аймагына киргизбей койгон. Мындан улам Орусия сынактан баш тартып, кийинки жылы катыша тургандыгын маалымдаган.

"Евровидение-2017" сынагында тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңүүчү аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан