Орусиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов кийинки кармашын канадалык Жорж Сен-Пьеро менен өткөргүсү келерин айтты. Мушкер мындай пикирин бүгүн, 8-апрелде орун алган беттештен кийин билдирди.
"Мен өзүмдүн командамдын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдиргим келет. Бул жеңишке биз чогуу жеттик. Бир гана нерсе, бул мелдешке атам келе албай калып менин чемпион болгонумду жанымдан көрө алган жок. Ошондой эле Эл Яквинтанын командасына ыраазычылык билдирем, Яквинта чыныгы мушкер экен.
Кийинки беттешимди канадалык Жорж Сен-Пьеро менен өткөргүм келет. Бирок кандай гана атаандаш болбосун беттешке чыгууга ар дайым даярмын", - деди Нурмагомедов.
Айта кетсек, бүгүн, 8-апрелде орусиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Эл Яквинтаны жеңип, чемпиондук курдун ээси болду.